
№50-СИЗОдон качкан 4 кылмышкердин кайда жүргөнү тууралуу маалымат үчүн убадаланган 1 миллион сом өлчөмүндөгү сыйлык эч кимге берилбей турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 4 качкын кылмышкердин ар биринин кайсы жерде жүргөнүн милиция кызматкерлери өздөрү тинтүү иштери аркылуу аныкташкан.
Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кеткен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн. Калган 4 кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн ИИМ 1 миллион сом берилерин жарыялаган.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган.
22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагында Эдил Абдрахманов тирүү кармалган. Ушул эле күнү кечинде Бишкектеги Достук конушунда Алтынбек Итибаев 2 саатка созулган атышуу учурунда ок тийип каза тапкан.
Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев 21-22-октябрь күндөрү түрмөдө каза болушкан.
Ал эми колониядан качып баратканда кармалган Болот Курбанахунов жана Музаффар Уринов учурда абакта.