КРнын Ички иштер министрлиги Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча суроого жооп берүүдөн 2 аптадан бери баш тартууда.
11-ноябрда SUPER.KG порталынын журналисти ИИМдин басма сөз кызматынын электрондук почтасына төмөнкүдөй суроо жөнөткөн: "Саламатсызбы, урматтуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сейитов Бакыт Сейитович! SUPER.KG порталынын окурмандарынын суранычы менен сизге кайрылып жатабыз. Окурмандарыбыз 2014-жылдын 17-мартында Байтик айылынын чекесинен жансыз табылган жаш кыз Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча сурашууда. Тергөө иштери аяктадыбы? Кандай жыйынтык чыкты?"
Журналист ушул эле күнү ИИМдин басма сөз кызматына телефон чалып, электрондук каттын өз дарегине жеткенин тастыктаган. Андан бери эки апта өттү, бүгүн, 25-ноябрга чейин мекемеден эч кандай жооп келе элек.
Мындан тышкары аталган маселе боюнча оозеки жооп алыш үчүн ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов менен жолукканда, ал Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымат алууну айтты. Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы өз кезегинде чуу жараткан окуялар боюнча Бакыт Сейитовго кайрылуу керектигин билдирди.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.
6-майда ИИМден кабарлашкандай, Камиланын денесин кароо учурунда моюнунда муунтуунун издери болгон, бирок катуу физикалык күч колдонулганы аныкталган эмес. "Бардык буюмдары жанында болгон. Мындан улам кылмышкер аны атайлап өлтүрбөгөн болушу мүмкүн. "Камила Дүйшөбаеванын өлүмү кокустук болгон" деген да версия каралып жатат",- дешкен ИИМден.