25-ноябрга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 5-тур оюндары 4 тайпада орун алды. Анда ири эсептеги жыйынтыктар катталып, айрым командалар мелдештин кийинки баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздашты.
“E” тайпасы
Бул тайпадагы оюндар көптөн күтүлгөндөй кызыктуу болду. Месси-Неймар-Суарес үчтүгү "Барселона" клубуна кезектеги жеңишти алып келди. Алар атаандашын 6:1 эсебинде утуп, тайпадан 1-орунду ээлеп чыкмай болушту. Кийинки баскычка кайсы команданын чыгары 6-турда чечилчү маселе болуп калды. Бул үчүн 3 командада тең мүмкүнчүлүк бар.
“Барселона” (Испания) - "Рома" (Италия) - 6:1
Голдор: Луис Суарес (15-мүнөттө), Лионель Месси (18), Луис Суарес (44), Жерар Пике (56), Лионель Месси (60), Адриано (77) - Эдин Жеко (90+1).
БАТЭ (Беларусь) – “Байер” (Германия) - 1:1
Голдор: Михаил Гордейчук (2-мүнөттө) - Адмир Мехмеди (68).
Мелдеш жадыбалы:
Орун |
Команда |
Оюн |
Упай |
1 |
“Барселона” (Испания) |
6 |
14 |
2 |
"Рома" (Италия) |
6 |
6 |
3 |
“Байер” (Германия) |
6 |
6 |
4 |
БАТЭ (Беларусь) |
5 |
4 |
"F" тайпасы
"Бавария" атаандаштарынын дарбазасына көп гол киргизүүнү улантууда. Ал эми "Арсенал" тайпадан чыгуу аракетин дагы да кызуу көрүп жатат. Бул жолу "Олимпиакостун" утулганы алардын пайдасына чечилди. Акыркы турда "Арсенал" конокто "Олимпиакосту" утууга тийиш, эгер тең чыгуу катталса, кийинки баскычта англиялыктарды көрө албайбыз.
“Бавария (Германия) – “Олимпиакос” (Греция) - 4:0
Голдор: Дуглас Коста (8-мүнөттө), Роберт Левандовски (16), Томас Мюллер (20), Кингсли Коман (70).
“Арсенал” (Англия) - “Динамо” (Зг, Хорватия) 3:0
Голдор: Месут Өзил (29-мүнөттө), Алексис Санчес (33), Алексис Санчес (69).
Мелдеш жадыбалы:
Орун |
Команда |
Оюн |
Упай |
1 |
“Бавария” (Германия) |
6 |
15 |
2 |
"Олимпиакос" (Греция) |
6 |
9 |
3 |
“Арсенал” (Англия) |
6 |
9 |
4 |
“Динамо” (Загреб, Хорватия) |
6 |
3 |
"G" тайпасы
Украиналык "Динамо" конокто "Портуну" утуп, тайпадагы абалды курчутуп койду. Эми алар дагы кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошол себептүү акыркы тур чечүүчү болуп калат, анткени "Порту" менен "Челси" өз ара ойнойт, упай жоготкон команда тайпадан чыга албай калат. Ал эми "Динамо" бул үчүн "Маккабини" утууга тийиш.
“Порту” (Португалия) – “Динамо” (Киев, Украина) - 0:2
Голдор: Андрей Ярмоленко (35-мүнөттө, пенальти), Дерлис Гонсалес (64).
"Маккаби" (Израиль) - "Челси" (Англия) - 0:4
Голдор: Гэри Кэхилл (20-мүнөттө), Виллиан (73), Оскар (77), Курт Зума (90).
Мелдеш жадыбалы:
Орун |
Команда |
Оюн |
Упай |
1 |
“Порту” (Португалия) |
5 |
10 |
2 |
"Челси" (Англия) |
5 |
10 |
3 |
“Динамо” (Киев, Украина) |
5 |
8 |
4 |
“Маккаби” (Израиль) |
5 |
0 |
"Н" тайпасы
Орусиялык "Зенит" тайпадагы 5 оюнунун баарын утуп, сенсация жаратууда. Бул турда "Лион" өз үйүндө уттуруп, кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн толук ажырады. Ал эми "Гент" менен "Валенсиянын" кайсы бири кийинки баскычка чыгары акыркы турда чечилет.
"Зенит" (Орусия) - "Валенсия" (Испания) - 2:0
Голдор: Шатов (15-мүнөттө), Дзюба (74-мүнөттө).
"Лион" (Франция) - "Гент" (Бельгия)
Голдор: Жордан Ферри (7-мүнөттө) - Даниел Миличевич (32-мүнөттө), Калифа Кулибали (90).
Мелдеш жадыбалы:
Орун |
Команда |
Оюн |
Упай |
1 |
“Зенит” (Орусия) |
5 |
15 |
2 |
"Гент" (Бельгия) |
5 |
7 |
3 |
“Валенсия” (Испания) |
5 |
6 |
4 |
“Лион” (Франция) |
5 |
1 |