"Таблиги жамаат" уюму Сауд Арабиянын өзүндө экстремисттик деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган". Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрдагы тегерек столдун жүрүшүндө УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков билдирди.
Ал аталган кыймыл кыргыз жергесинен башка көптөгөн өлкөлөрдө экстремисттик деп табылганын кошумчалап: “Сауд Арабияда бир шейхтин “Таблиги жамаат” жана башка ага окшогон агымдар мусулмандарды адашууга, жаңылууга алып барат” деп айткан сөзү бар. Кыргыз Республикасында болсо буга окшогон нерселерге толеранттуу карашат. Ошол эле учурда терроризм жана экстремизм ар бир үй-бүлөгө коркунуч келтирип жатканын билебиз. Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Сирия жана Иракта 500 кыргыз жараны жүрөт, алардын 120сы аялдар. "Ислам мамлекети" кыймылынын 8 миң мүчөсү Ооганстанда 20га жакын аймакты кармап турат. Кыргыз жергеси буга чейин мынчалык экстремизм коркунучуна жакын болгон эмес”,- деди.