Ушул жылдын 10 айында диний экстремизмге байланыштуу 1800дөн ашуун адам каттоого алынган

Өлкөдө 10 ай аралыгында экстремизмге байланыштуу 294 факт катталып, 124ү боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу 25-ноябрдагы маалымат жыйынында белгилүү болду.

ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдраим Салимовдун айтымында, экстремизмге байланыштуу 239 адам кармалган. 7331 материалдар алынып, ички иштер органдарына 1846 адам каттоого алынган. Алардын басымдуу бөлүгү "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү.

Маалыматка караганда, Сирия, Ирак жана Ооганстандагы террордук топтордун катарында 400гө жакын кыргыз жарандары бар. Алардын 76,7 пайызы эркектер болсо, 23,3 пайызын аялдар түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан