Түп районунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө марихуана затын мыйзамсыз сактаганы үчүн Чоң-Тогузбай айылынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу 25-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Эрлан аттуу 35 жаштагы жаран өз үйүндө маңзат сактап жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Ал жарандын үйүн тинтүү учурунда 9 килограмм баңгизат табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран тергөө абагына камакка алынды.