Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү: “Таблиги жамаат” өлкөдө трайбализмди жок кылууга жардам берүүдө"

Бүгүн, 25-ноябрдагы тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Билал ажы Сайпиев: “Таблиги жамаат” өлкөдө трайбализмди жок кылууга жардам берүүдө",- деп билдирди.

Анын айтымында, учурда өткөрүлүп жаткан даават иш-чараларынын натыйжасында түндүк жана түштүк деп бөлүнгөн мусулмандар бири-бирине куда болуп, балдарын үйлөндүрүүдө.

Таблиги жамааты”, башкача айтканда, даават кыргыз жергесине 1997-жылы келген. Ошондон бери ал эч кимге жамандык кылган жок. Тескерисинче, ал өлкөдө диний стабилдүүлүктү түзүүгө жол ачты. Айылдарда аракечтик азайды, анткени дааватка чакырган мусулмандар көбөйүп, алар үйлөрдү кыдырып элди туура жолго салышууда.

Бишкек-Ош жолунда буга чейин рэкетчилик өрчүп келген. Оор жүк ташуучу унааларды токтотуп, жүгүнүн жарымын алып кетишчү. Мындай нерсе учурда жоюлду. Мен өзүм баш болуп ошол жерлерге барып даават кылчумун. Мындан тышкары мектептин жанына курулган мечиттердеги даават дагы окуучуларга жардамын тийгизүүдө. Андай мектептерде рэкетчилик жок, себеби мектеп тарбиялануучулары окуудан кийин мечитке барып дааватчылардын сөзүнө кулак салышат”,- деди ажы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
cholponai.e
2015-11-25 13:06:25
Туура айтат биздин айылда да дааваттын себебинен арак ичкен адам азайды андан башка да жакшы жака озгоруулор кобойду.
+3
E.TARZAN
2015-11-25 13:47:15
Дааватчыларга АЛЛАh ыраазы болсун!Өзү дааватты күчөтүш керек, дааваттын пайдаасы өтө чоң.
+2
AlbertEnshtein
2015-11-25 13:47:54
ошентип даават деп башташат да анан жабык эшик артында ВЕРБОВКА кылып салышпасын. баарибир козомолдош керек.таблиги жамаат деген аталышы да озгочо экен, кыргызчага окшобогон. жон эле аксакал имамдардын кенеш беруусу деп атаса болот
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан