"Мал уурдаган" деген шек менен Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун 2 тургуну милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 16-ноябрда милицияга арыз түшүп, короодон 1 уй жоголгону айтылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуя болгондон 8 күн өткөн соң 25 жаштагы
А. уулу Бакыт жана мурун соттолгон, 29 жаштагы Д.Таалай кармалды.