Чек арадан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын 3 жараны кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө чек арадан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын 3 жараны кармалды. Бул тууралуу 25-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Наманган шаарынын тургундары 26 жаштагы А.Анвар, 18 жаштагы А.Исломжон жана 39 жаштагы Т.Носир 10-ноябрда Ала-Бука району тараптан кыргыз жерине өтүшкөн. Факт боюнча чогултулган материалдар УКМКнын тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү. Ошондой эле Өзбекстандын элчилигине кармалган жарандар тууралуу маалымат берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
narbek
2015-11-26 00:48:42
Неге элчисине кабар беришет элчиси оздору кабар алыш керек биздин адамдар кокусунан сиздердин колунуздарда эмесби деб.алардын чек арасында кыргыз жарандары кармалыб калса элчи пелчиси жок эле тыгыб койушат байкуш туугандары жугуруб ары бар бери бар менен чыгарышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан