"Иманкул Телтаев №50-СИЗОдо видеокамералар иштебей жатканын, ички курамдын саны жетишпегенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине алдын ала айткан болчу",- деди бүгүн, 25-ноябрда маалымат жыйынында Телтаевдин туугандарынын адвокаты Улан Жумаков.
"ЖАМКтын жетекчилиги Телтаевдин суранычтарына жооп берген эмес. Ошондой эле ЖАМК 1-СИЗОдон 50-СИЗОго 4 адамды которгон. Буга карабастан, ал аскер кызматкери катары өзүнүн милдетин аткарган",- деди адвокат.
"№50-СИЗОдон качууну иликтөө башынан баштап туура эмес жүргүзүлгөн. "Террорчулук" беренеси боюнча өмүр бою эркинен ажыратылгандар бул СИЗОдо кармалбашы керек болчу. Бул тууралуу да Телтаев жетекчиликке билдирген. Мындан тышкары ал СИЗОдо ички курамдын санын көбөйтүүнү суранган эле. Тиешелүү каттар колубузда бар. Ал буйрукту аткарган, ошондуктан ага шалаакылык боюнча күнөө тагылышы туура эмес",- деди Жумаков.
Эскерте кетсек, "Телтаев 20-ноябрь күнү №1-СИЗОнун медициналык-санитардык бөлүгүндө өз шейшеби менен асынып алган" деген маалыматты Жаза аткаруу кызматынан билдиришкен.