“Хизбут-Тахрир” уюму бир кезде “Таблиги жамаат” сыяктуу тынч кыймыл катары эсептелген. Экөөнүн тең ишмердүүлүгү даават менен байланышат”,- деди Геостратегиялык изилдөөлөр борборунун өкүлү Евгений Редько бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо. Анын айтымында, кыргыз өлкөсүндө “Таблиги жамаатка” тыюу салынбагандыктан, уюмдун тарапташтары башка өлкөлөрдөн агылып келүүдө.
"Тажикстанда жогоруда аталган уюмдун иштешине тыюу салынган. Тажикстан жарандары өз өлкөсүндөгү жоопкерчиликтен качып, биздин мамлекет аркылуу Бангладеш жана Пакистанга чыгып кетишет. Ал эми аталган өлкөлөр уюмдун мүчөлөрүн окутуп үйрөтүүчүлөр болуп саналат. Экинчиден, Пакистан жана Бангладеште террорчуларды даярдап окутуучу базалар жайгашкан. Ал жерден террорчуларга кошулуп кетип жатышат",- дейт серепчи.