Бишкекте доллардын курсу 75 сомго жеткени калды

Кыргыз мамлекетинде доллардын курсу дагы көтөрүлдү. Бишкекте учурда 1 долларды сатып алуу 74 сом 10 тыйын, сатуу 74 сом 50 тыйын болууда (25-ноябрь, саат 15:20га карата). Айрым акча алмаштыруучу жайлар долларды 74 сом 50 тыйындан сатып алышып, 74 сом 80 тыйындан сатышууда.
Айта кетсек, мындан эки апта мурун доллардын курсу 72 сом 20 тыйын болчу. Сомдун туруктуулугун сактоо үчүн Улуттук банк жакында 14,2 миллион доллар суммасында интервенция жасаган.
Валюталык интервенция - мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Улуттук банк тарабынан валюта рыногунда чет элдик валютанын сатылышы же сатылып алынышы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Arslan12
2015-11-25 16:00:36
Улуттук банк жасаган интервенция менен тушуруш кыйын го, экономика онукпосо
0
SHAHDAR
2015-11-25 16:27:54
Кит эле болдук го. Вааще копец.
0
sport_alga
2015-11-25 16:46:43
Чон бизнесмендерге аябай эле кыйын болду да.
0
seni.gana
2015-11-25 19:22:05
sport_alga, баарыбызга еле кыйын болот доллардын которулгону себеби сырттан келген товар доллар мн кирет участокту машинаны уйду доллар менен алабыз ,бул кетиште бизге окшогон жаштар качан уйлуу болот.. елестет1000$ 75000сом
0
aizada15
2015-11-25 17:00:22
100 го чыгат деген чын окшойт!
0
beket
2015-11-25 18:40:46
Аламды суу каптаса ордоко баарибир дегендей Кыргызстан учун
0
seni.gana
2015-11-25 19:27:46
Мен бир досумдан августта 1000$ алган елем кышта берем деп мен алганда 64 болчу 1$ азыр болсо 74 охооо
0
mirbek.baratov2015
2015-11-26 07:41:32
seni.gana, Доллор менен алсан доллор менен бересинда айла жокта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан