Студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөө иштери бүтө элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бул маселе ички иштер министри Мелис Турганбаевдин көзөмөлүндө турат. "Тергөө амалдарынын алкагында "бул өлүмгө тийиштиги бар" делген адамдар суракка алынып жатат. Тергөөчүлөр ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшү боюнча маалыматты министрге жеткиришүүдө. Аталган кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери уланууда",- дешти мекемеден.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
2015-жылдын 6-майында ИИМден кабарлашкандай, Камиланын денесин кароо учурунда моюнунда муунтуунун издери болгон, бирок катуу физикалык күч колдонулганы аныкталган эмес. "Бардык буюмдары жанында болгон. Мындан улам кылмышкер аны атайлап өлтүрбөгөн болушу мүмкүн. "Камила Дүйшөбаеванын өлүмү кокустук болгон" деген да версия каралып жатат",- дешкен ИИМден.