Футзал боюнча өлкөнүн Суперлигасынын алкагында Жалал-Абаддын "Динамосу" Оштун "SRT" клубун 12:5 эсеби менен жеңди (фото)

Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаарында өлкөнүн футзал боюнча Суперлигасынын алкагында жергиликтүү "SRT" клубу "Динамо" (Жалал-Абад) командасын кабыл алды. Беттеш 5:12 эсеби менен аяктап, коноктор жеңишке жетишишти.

Айта кетсек, 2015-2016-сезонунда аталган Суперлигада 2 тайпага бөлүнүп, 8 команда катышат. “А” тайпасына "Нурфинанс", "Эмгек", "Фарватер" (бардыгы Бишкек шаарынан) жана "Мурас" (Жети-Өгүз) клубдары кирет. “В” тайпасы "Динамо" (Жалал-Абад), "Ош бажысы" (Ош облусу), "SRT" (Ош шаары) жана "Химик" (Сузак айылы) командаларынан турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pepew95.
2015-11-25 19:55:55
Жалал абадтыктар азаматсынар..."динамо" рулит
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан