Ош шаарынын Курманжан датка-2 аймактык кеңешинде жаңы мектеп жана бала бакча курулат. Муну бүгүн, 26-ноябрда Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 25-ноябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев аталган аймактык кеңештин жашоочулары менен жолугушту. Анын жүрүшүндө тургундарга 2015-жылдын 10 айында шаарды өнүктүрүү боюнча аткарылган жумуштар жөнүндө даректүү тасма тартууланды.
Өз учурунда Курманжан датка-2 аймактык кеңешинин жашоочулары аларда социалдык объектилердин жоктугуна нааразы экендиктерин билдиришти. Мындан улам мэр жакын арада аталган аймакта мектеп жана бала бакча куруларын белгиледи.