Чүй облусунда бир катар кылмыштарга шектүүлөр кармалышканын 26-ноябрда облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Токмок шаарынын 1982-жылы туулган Д.Ф. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 24-ноябрда саат 21:30 чамасында документтер, акча жана уюлдук телефону салынган сумкасын уурдап кеткенин айткан. Буга шектүү катары бир нече ирет соттолгон 1969-жылкы Ч.К. аттуу жергиликтүү тургун колго түшүрүлгөн.
Ал эми Новопавловка айылында 1982-жылы туулган жаран 25-ноябрда жүргүзүлгөн рейддин алкагында 25 грамм марихуана менен кармалган. Мындан сырткары "25-ноябрда саат 01:30 чамасында күрөөканадан сейф уурдоого аракет жасаган" деп 1995-жылы туулган Т.Ф. аттуу шаар тургуну кармалды.
Жогорудагы фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.