Жарык орнотулбаган жана соода түйүндөрүнө айланган Бишкектин жер алдындагы өтмөктөрү (фото)

Бишкектин бир катар көчөлөрүндөгү жер алдындагы өтмөктөр жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн курулган. Унаалар көп токтогон жерлерде же кең көчөлөрдөн өтүү ыңгайсыздык жаратпаш үчүн салынган айрым өтмөктөрдү бүгүнкү күндө колдонгон жарандар аз. Чүй-Абдрахманов, Чүй-Манас жана Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүндөгү жер алдындагы өтмөктөрдө жарык орнотулганы менен, калгандарына мэриянын көңүл бурууга чамасы жоктой сыяктанат.

Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктө жарык орнотулган эмес. Мындан улам ал жерден өткөн жөө жүрүүчүлөр дээрлик жокко эсе.

Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен унаалар көп өтөт. Жол чырактан өтүү бир топ кыйынчылыкты жаратат. Жер алдындагы өтмөк күндүз эле караңгы болуп турганда андан кечкисин эч кимдин өтпөгөнү белгилүү.

Борбор калаанын түштүк тарабындагы 9-кичи райондо жайгашкан жер алдындагы өтмөктүн абалы көңүл жылытарлык эмес.

Чыгыш автобекетиндеги жер алдындагы өтмөктү колдонгондор жокко эсе. Бул жердин дубалдарынан ар түрдүү жарыяларды көрүүгө болот.

Чыгыш автобекетиндеги жер алдындагы өтмөк.

Борбордук көчөлөрдө жайгашкан өтмөктөрдө эл көп чогулгандыктан, соода кылгандар көбөйүп, ал жерлер базарга айланып калган. Мындан сырткары ачкыч жасоо, сүрөт чыгаруу сыяктуу түрдүү кызматтар көрсөтүлөт.

Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөк.

Манас жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөк.

Манас жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөк.

Манас жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөк.Абдрахманов-Чүй кең көчөсүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөк.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bosmos777
2015-11-27 18:12:45
Москванын шаар башчысы. Москванын кочолорун жана жер алдындаагы отмокторду зор кылып ондоп салды. Мурун бей баш соода туйундору турчу аларды жонго салды. Чакан чайкоочу соодагерлерден.борбордук кочолор, майда дукондор тазаланып. Тартипке келди!!! Бишкек улгу алышы керек.
+4
sagyn01
2015-11-27 18:38:31
Макаланын темасын окуп туруп эле автору Айпери экенин билгем, жакшы тема, буюрса жогору жак уялып коз салып коюшаар
+3
AiBoru
2015-11-27 21:12:00
Ар кай жерге эле самсаалатып, товарын жайып алып отура беришет, шаардын коркун бузуп. Анысы аз келгенсин толгон токой мусорун жайнатып таштап кеткеничи...
+1
M89
2015-11-28 00:43:58
Льва Толстой менен откон темир жолдун алдынан да отуудон коркосун. Омурун ойлоп, откончо журогун кысылып кетет. Зара сагынанычы. Азаматсынар супер.кж
+1
Boldukan86
2015-11-28 01:22:37
товар сатып деп жийиркенип жазасынарго эмне кылсын элдин акывалы ошого жараша болсо кучу ошого жетсе. дордойдон мин доллар арендага места алып бер кыйын болсон. Айбору.
0
azia9393
2015-11-28 01:27:37
Россиядан деле ушундай корунуш мен канча жылдан подземный переход до иштеп келем канча адамдар тиричилик кылтат.
0
dav312
2015-11-28 18:31:34
Бул жер алдындагы отмоктор эл учун иштебей эле бомуждар мн алкаштардын мыкачылардын жерине айланды корунот мисалы боконбаева мирадагы советский боконбаевадагы отмоктордон откондон коркосун сасык ище карангы свет да жок анысы аз келгенсип алкаштар ккечкисин байыр алышат кээбир учурда ушу отмоктон откондон корукуп жер сууну кечип откон кундор болгон откондо онолсо кк коп жыл отту деп барсам баякы тас кейпин кийген бойдон турганын коруп биздин эрке мээр бул отмоктон отсо экинчи откуз болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан