Кыргыз өлкөсүндө доллардын курсу кайрадан көтөрүлүп жатат. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда бүгүн, 26-ноябрга карата 1 долларды сатып алуу 74 сом 50 тыйын болсо, сатуу 76 сомго чыкты. Мындан бир апта мурун акча алмаштыруучу жайлар долларды 72 сом 50 тыйындан сатып алышып, 73 сом 20 тыйындан сатып жатышкан. Сомдун туруктуулугун сактоо үчүн Улуттук банк 12-ноябрда эле 14,2 миллион доллар суммасында интервенция жасаган.