Бишкек шаарында оор атлетика боюнча Бишкек шаарынын Ачык биринчилиги өтүп жатат. Мелдешке Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын 110 спортчусу катышууда. Мэриядан кабарлашкандай, мелдеш 13 салмак категориясында өтмөкчү.
25-ноябрдагы жыйынтыктарга токтолсок, бул күнү кыз-келиндер арасында Динура Сулайманова (48 килограмм салмакта), Мукадас Исмаилова (53 кг), Адылбек кызы Азиза (58 кг) жана Асанбек кызы Акмарал (63 кг) чемпиондукту багындырышты. Ал эми уландар арасында 50 килограмм салмакта Данияр уулу Арслан алтын тагынса, 56 килограмм салмакта Дөөлөт Адылов, 62 килограмм салмакта Кадырбек Айтбеков 1-орунду багындырышты.