Жалал-Абадда жаштар арасында диний экстремизмдин алдын алуу жана жаштардын укуктук билимин жогорулатуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Аббадда “Мекеним менин - Кыргызстан” долбоорунун алкагында, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттеринин арасында “Айкын талдоо” интеллектуалдык оюну өттү. Ал Жалал-Абад жаштар коомунун демилгеси жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын колдоосу менен диний экстремизмдин алдын алуу жана жаштардын билимин жогорулатуу багытында 25-ноябрда уюштурулду.
“Күч органдары жаштар менен иш алып барууда бир топ профилактикалык иш-чараларды, анын ичинен спорттук, кайрымдуулук жана интеллектуалдык оюндарды өткөрүүдө. Албетте, бул иш-чара ушуну менен токтоп калбастан, жаштарды туура багытка салуу максатында мындан ары да уюштурулуп турат деген ишеничтемин”,- деди Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Ж.Жоробеков.
Иш-чарага 7 команда катышып, жыйынтыгында алдынкы командаларга баалуу сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан