Ош шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринде 1-Декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар уюштурулууда. Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, иш-чара 20-ноябрдан 29-ноябрга чейин Ош шаарынын бардык мектептеринде уланат. Анда окуучулар тарабынан дил баяндар, эсселер, ачык тарбиялык сааттар, тегерек столдор, ВИЧ-СПИД эпидемиясынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча дубал гезиттеринин сынагы өткөрүлүп, дарыгерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
25-ноябрь күнү Ош шаардык поликлиникасынын дарыгерлери тарабынан ВИЧ-СПИД эпидемиясынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.