Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында 6 миллионунчу жарандын төрөлүшүнө арналган салтанаттуу концерт өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, буга байланыштуу бир катар борбордук көчөлөр жабылат. Саат 17:00дөн 19:00гө чейин Чүй кең көчөсү Тыныстанов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейин жабылат.