2016-жылы бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугу Бишкекте өтөт. Бул тууралуу машыктыруучу Чынгыз Чалабаев билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим жакында Татарстандын Казань шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда кабыл алынган. Анда конгресстин жүрүшүндө добуш берилип, кийинки Дүйнө чемпиондугу өтчү шаар катары Бишкекти тандашкан. “Дүйнө чемпиондугунун жобосуна ылайык, мелдеш өтчү жайда 3 килем болушу керек. Бизде андай шарт бар. Ошондой эле чет жерден келген 30га жакын мамлекеттин спортчуларын толук шарт менен камсыздоо комплекстүү иш, бул жагын да аткарууга күч жетет".
Орусиядагы мелдеште 12 медаль алып келген спортчулар (3 алтын, 2 күмүш, 7 коло) кийинки жылы Дүйнө чемпиондугунда командалык эсепте 1-орунду алууну пландап жатышат. Кошумчалай кетсек, спортчуларыбыз Казандагы мелдеште командалык эсепте 2-орунду ээлешкен. 1-орунду Орусия курамасы алган.