Ош шаарындагы Бабараимов жана Артыков көчөлөрү толугу менен оңдолуп, бүгүн, 26-ноябрда ачылуу аземи болду. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
“Жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен шаардын эң зарыл болгон бир катар көчөлөрүн асфальттоого 125 миллион сом бөлүндү. Өзүңүздөр көрүп жаткандай, бул каражатка узак мезгилден бери каралбай калган Бабараимов көчөсү, ага удаалаш Артыков көчөсү, Масалиев кең көчөсүнүн Ленинград көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө, Навои көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Айтиев көчөсүнө чейинки аралыгына асфальт төшөлдү. Абдыкадыров атындагы көчөнү кеңейтип, асфальттоо иштери жүрүп жатат”,- деп билдирди Кадырбаев.
Бабараимов көчөсүнүн узундугу 0,6 чакырымды, туурасы 10 метрди түздү. Ал эми долбоорлоо-сметалык баасы 14,3 миллион сомго, тендердик баасы 11,2 миллион сомго барабар. Курулуш иштери 2015-жылдын октябрында башталып, бир айдын ичинде аяктады.
Артыков көчөсүнүн узундугу 0,5 чакырым, туурасы 10 метрди түзүп, курулушунун сметалык баасы 4,3 миллион сомду, тендердик баасы 3,8 миллион сомду түзгөн.