Бүгүн, 26-ноябрда саат 15:20га карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 78 сомго чыкты. Долларды сатып алуу 76 сом, сатуу 77 сом 50 тыйын - 78 сом болууда.
Айта кетсек, мындан эки апта мурун доллардын курсу 72 сом 20 тыйын болчу. Сомдун туруктуулугун сактоо үчүн Улуттук банк жакында 14,2 миллион доллар суммасында интервенция жасаган.
Валюталык интервенция - мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Улуттук банк тарабынан валюта рыногунда чет элдик валютанын сатылышы же сатылып алынышы.