2015-жылдын башынан бери АКШ долларынын курсу 24,7 пайызга же 58,89 сомдон 73,43 сомго чейин өстү. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Улуттук банк өткөргөн маалымат жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, бул арада Улуттук банк сатуу жана сатып алуу боюнча 21 интервенция өткөргөн. Улуттук банктын таза сатуусу 232,5 миллион АКШ долларын түздү. Акыркы интервенциялар 2015-жылдын 6-ноябрь, 12-ноябрь жана 24-ноябрында 21,75 миллион, 14,2 миллион жана 15,2 миллион АКШ доллар көлөмүндө өткөрүлгөн.
Мындан тышкары акча-насыя саясаты жагында төмөнкү чараларды ишке ашырган: 2015-жылдын 29-сентябрынан тартып эсептик чен 10 пайызды түздү, ал эми “овернайт” насыя 12 пайызды, “овернайт” депозити 4 пайызды түздү.
Улуттук банк акча-насыя саясаты инструменттерин колдонуу менен үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу операцияларын ишке ашырган. 2015-жылдын 25-ноябрына карата абал боюнча Улуттук банктын ноталарын сатуу көлөмү 59,5 миллиард сомду, “овернайт” депозиттеринин көлөмү 278,6 миллиард сомду түзгөн.
АКШ долларынын өсүшү дүйнөлүк тенденцияда да болууда. Ошентип, 2015-жылдын башынан 26-ноябрына чейин:
- АКШ доллары еврого карата - 11,5 пайызга;
- Австралия долларына - 10,4 пайызга;
- Беларусь рублуна - 52,3 пайызга;
- Молдавия лейине - 29 пайызга;
- Тажик сомонисине - 26,3 пайызга;
- Түркмөн манатына - 22,8 пайызга;
- Түрк лирине - 22,8 пайызга;
- Азербайжан манатына - 34 пайызга;
- Япон иенине - 1,7 пайызга;
- Казак теңгесине - 68,4 пайызга;
- Орус рублуна - 16,4 пайызга;
- Швейцария франкына - 2,1 пайызга;
- Англия фунтуна - 1,3 пайызга;
- Армян драмына карата 1,4 пайызга өскөн.