Бүгүн, 26-ноябрда маалымат жыйында Улуттук банк учурда чет өлкө валютасына суроо-талап эмне себептен көбөйгөндүгүн билдирди. Маалым болгондой, быйылкы жылдын 23-октябрынан тартып 26-ноябрына чейин тышкы жана ички сезондук факторлорго ылайык, чет өлкө валютасына суроо-талап көбөйүүдө.
"Ал негизинен күйүүчү май азыктарын, электр энергияны импорттоо жана башка импорттук контракттарды аткаруу менен байланыштуу. Алдын ала маалыматтар боюнча, акча которуулардын таза агып кирүүсүнүн көлөмү 2015-жылдын 9 ай ичинде 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 28,2 пайызга төмөндөп, 1 008,8 миллион АКШ долларын түздү. Ал эми былтыр ушул мезгилде ал 1 405,5 миллион АКШ долларын түзгөн. Андан тышкары республиканын соода балансынын тартыштыгы быйылкы жылдын январь-сентябрь ичинде 1 618,1 миллион АКШ долларын түзгөн жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырганда 32,4 пайызга төмөндөгөн",- деп айтылат Улуттук банк тараткан маалыматта.