Өлкөнүн 6 миллионунчу жаранынын төрөлүшүнө арналган концерт: бийчилер, чиновниктер, эки ырчы жана салют (фото)

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн 6 миллионунчу жаранынын төрөлүшүнө арналган концерт өттү. Иш-чара жаш бийчилердин аткаруусундагы спектакль менен башталып, андан соң жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдарга сөз берилди.

Башында Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов жаңы төрөлгөн наристеге жана анын ата-энесине ден соолук, узун өмүр каалап өттү.

Президенттин эки тилдеги куттуктоо сөзүн президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов окуп берди. "Кечээ, 25-ноябрда баарыбыз үчүн кубанычтуу күн болду, анткени өлкөбүздүн 6 миллионунчу жараны жарыкка келди. Чын жүрөктөн ымыркайдын ата-энесин куттуктайм! 6 миллионунчу кыргыз жаранынын төрөлүшү элибиз үчүн өтө маанилүү окуя. Калктын санынын өсүшү - өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн жана тынч жашоонун көрсөткүчү",- деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Кийинки кезекте сөз премьер-министр Темир Сариевге берилди. "Жарык дүйнөгө жаңыдан келген ымыркайдын бешик боосу бек болсун! 6 миллионунчу атуулубуз элибиз жана мамлекетибиз үчүн ак жолтой кыздарыбыздан болсун. Кыз - келечектеги эне, үйдүн куту, жакшылыктын булагы. "Жакшы кыз келин болот, жакшы келин жеңе болот, жакшы жеңе эне болот" дегендей, кичинекей чүрпөбүз келечекте элибиздин энеси болсун",- деп каалоо-тилегин айтты өкмөт башчы.

Чиновниктер куттуктоо сөздөрүн айткан соң ырчылар Омар жана Айчүрөк Иманалиева салюттардын коштоосунда патриоттук ырларын аткарышты.

6 миллионунчу жарандын төрөлүшүнө арналган концерттеги салют (26.11.15)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
aidai88
2015-11-26 22:47:08
Ак жолтой кыз болсун
+4
tolkun9090
2015-11-26 22:48:33
Мен сыймыктанып жатам калкыбыздын саны 6 млн болгонуна
+7
_adil_
2015-11-26 23:12:22
Эмне белек бергени жокко?
+3
Boldukan86
2015-11-27 00:40:14
квартира анан бир млн деди окшойт. ошол саатта бипдей торолгондорго 100мин ден акча деп тушундум.
+4
nurbek1995
2015-11-27 01:30:26
Өмүрүн берсин
+2
Nora
2015-11-27 03:47:49
kubanaarlyk kabar eken, Beshik boosu bek bolsun! menin oiumcha, Kyrgyz politikterdin politikasy tuura emes dep oiloim, belek beret dese asha chaap ketpei, bir az or ordu menen bolso jakshy bolmok, 100min som dele soonun belek dep oiloim i oshol jetishuu bolot bolchu,kvartira milion som belek kylgandan koro ushul akchalardyn oorukchan baldarga bei becheralarga jumshasa, okmotubuz soonun ish kylgan bolmok, kun saiyn inetternetten okup atam, balama operaciyaga akcha kerek degenderdi,osholorgo kyl
+4
Nora
2015-11-27 03:49:15
Osholorgo kylsak bolboibu jardam, nege Okmot akchany tuura emes koldonot, baikush kyrgyz , onukpoi turgan boldu go chirkin!
+3
kobra86
2015-11-27 09:39:41
Nora, Кошулам туура айтасыз
0
s5kgbal
2015-11-27 08:01:24
калп эле эптеп майрам болсо болду буларга!!
0
kobra86
2015-11-27 09:34:58
Омуррлуу болсун!
+1
buduz-80
2015-11-27 09:54:30
Эн жагымдуу жанылык болду,Кыргыз эли кобойдук!!! Бирок кечээ 2-3саат пробка кылып салды Бишкектин центральный кочолорундо машина батпай движения токтоп калды го,майрам кылаар астында кичине ойлонуп койсо ото жакшы боолор эле,жолду жабып салат не кылсан ошо кыл деген мамиле кылды да,ГАИлер келесоо болуп калышты,кайсыл жагын откороорун билишпей,биздин ГАИлер акча алгандан башка эч нерсе билбейт экен деген ойго келет экенсин...
0
boss1991
2015-11-27 10:58:34
Интернетте да болунуп-жарылгандарга табыла бербей калды каап Колдо торолбой не, Нарында торолсо болмок деп. Кок мээ трайбалисттерге айтарым айырмасы канча кай жакта торолгону негизгиси кыргыз саны кобойду буга да сасый ойду аралштырбай ан-сезимди оркундотуш керек. омуру узун болсун кыздын. Кыз бала экен дагы кобойот
+2
aiposha
2015-11-27 11:57:09
оуууууу кандай кана сонун жанылык! Олкобуз дагыда кобойо берсин, дайыма ушундай жагымдуу жанылыктар кооп болсун. Жаны торолгон наристенин омуру узун, денсоолугу чын, Кыргыз элинин керегине жараган жакшы инсандардан болсун! Ал эми жарык дуйного аман эсен алып келген эжебизге да чын денсоолук! ииииии озумчоле суйунуп атам аай
0
Pantherka
2015-11-27 14:12:49
Майрамга кеткен чыгымды Ошко жиберишпейби,тигил жакта уйлорунон ажырап кейип атышса майрам кылбай, к в деле жетиштуу болчу.Калган акчасын уйу жокторго берсе болмок. Анан кайра эле карапайым элдин айлыгын кыркып жаап коюшат(
0
luntik96
2015-11-27 14:31:44
Биздин депутаттар оздору суйлой албайбы?!! Качаан болсо еле,кагаз кармап турушкан болот!!
+1
Boldukan86
2015-11-27 14:56:42
бирдей убакта торолгондор коп эле болгон арасынан ушуну тандашкан. менимче мамлекеттик иште иштейт коп балалуу уйу жок. ошого тандап алдыго чагымда. анан маалыматты Бишкек мн Оштон эле алып турган сыягы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан