Белгисиз адамдын бычак менен кол салуусунан жарадар болгон дин эксперти Кадыр Маликовго операция жасалды

Белгисиз адамдын бычак менен кол салуусунан жарадар болгон дин эксперти Кадыр Маликовго операция жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына №4-шаардык ооруканадан билдиришти.

Маалым болгондой, жабырлануучунун абалы туруктуу, учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. "Ал көп кан жоготкон. Кылмышкер анын бетине жана колуна бир нече жолу бычак сайган экен",- дешти ооруканадан.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-ноябрда Бишкектин Асанбай кичи районунда белгисиз адам дин маселелери боюнча абройлуу адис Кадыр Маликов менен чырдаша кетип, аны бычактаган. "Маликов автоунаасы менен унаа токтотуучу жайдан чыгып бараткан. Ага тоскоолдук жараткан унаага үн сигналын бергенде, айдоочу баш бербей койгон. Андан соң алардын ортосунда чыр чыгып, айдоочу Маликовго карата бычак колдонгон. Жыйынтыгында Маликов бетинен жаракат алган. Анын абалы туруктуу. Учурда ооруканада медициналык жардам алууда. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышты. Маликовго кол салуу анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Учурда кылмышка шектүү жаран изделүүдө",- деп билдиришкен Бишкек шаардык милициясынан.

Эксперт Кадыр Маликов “Ирак жана Левант мамлекети” террордук уюмун сындап келет. Бул уюмга арналган иш-чаралардын биринде ал “Ирак жана Левант мамлекети” кыймылы демократияга жана адилеттикке ишеничин жоготуп алган жаштарга багытталган” деп айткан. Бүгүн, 27-ноябрда ал "Террорчулук менен күрөшүүдө мамлекет эмне кылышы керек?" деген темага арналган маалымат жыйынын өткөрмөк.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ayjamal83
2015-11-27 09:01:40
сындан,сындап болот.
0
muun-kyrgyz
2015-11-27 09:25:52
"Террорчулук менен күрөшүүдө мамлекет эмне кылышы керек?" деген теманы эми чындап которуу керек
0
ruslan1985
2015-11-27 09:49:23
Ech kachan taba albait.Turmodo olturgondu taba albadygo a voliada jurgonduchu
0
Anarbek2015
2015-11-27 10:04:56
ruslan1985, Сен кайдан билесин
0
SHAHDAR
2015-11-27 09:51:41
Жаман болуптур, бетинен сайганы мнеси. Даана айбан адам го. Аллам ушул пендене жардам бере кор.
+2
nur0077
2015-11-27 10:02:29
Акмактарды тез Арада таап,энесинин тоюн Уч-Коргондон бериш керек.Антпесе элде Жан калабы.Президент оз козомолуно алсын да.болбойт Мындай иштер.
0
aiba_00
2015-11-27 10:10:08
Жол талашып ушунча бычактап кетсе, деги адамдар кайда баратабыз, элдин баары эле нервный болуп калышкан го.
0
Sultanim
2015-11-27 10:33:55
Кочого чыксан,маршруткага тушсон элдин кобу урушууга старт алып,даяр тургандай...акыркы соз меники мн бутот дегендей,бир башталса аягы кесилбейт.чет жерге барсан,жылмайышып позитивдуу энергия тартуулайт.жашоо керемет!бактылуу болууга жана бактылуу кылууга башта озумду,барынарды чакырамын мусулман бир тууганым!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан