Акыркы 2 күндө АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсу кескин жогорулады. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда кечээ, 26-ноябрда курс 78 сомго чыккан. Бүгүнкү көрсөткүчкө токтолсок, доллардын баасы кичине ылдыйлап, учурда 76 сомдон сатылууда. Ал эми сатып алуудагы баа 74 сом 50 тыйын, 75 сомдон болууда.
Мындан бир апта мурун акча алмаштыруучу жайлар долларды 72 сом 50 тыйындан сатып алышып, 73 сом 20 тыйындан сатып жатышкан.
Бул кырдаалга карата Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирүү жасап, “доллардын наркынын өсүшү - спекуляция” деп билдирген.