Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчөт

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы жана Чүй, Талас облустарындагы электр тармактарынын профилактикалык иштерине байланыштуу айрым аймактарда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 12:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда, саат 09:00дөн 16:00гө чейин Көк-Жар кичи районунда (Куйручук, Шоокум, Санжыра, Арстанбап, Молдокулов, Ахунбаев, Көк-Жар көчөлөрүндө) жарык өчөт. Мындан сырткары Жибек-Жолу, Араван, Ростовская көчөлөрүндө, Куруучулар шаарчасында “Асанбай” бөлүштүрүү пунктунда оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

Ал эми Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригородное (Новая, Марат, 8-Март, Лесная, Островский көчөлөрүндө) айылында жарык өчөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан