Доллардын курсу төмөн болгон учурда банктардан насыя алган ишкерлер Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты.
Атын атагысы келбеген ишкер доллардын курсу 50 сом учурунда 17 миң доллар насыя алган. Азыр карызын төлөй албай жаткандыгын айтат. Анын айтымында, банктар "насыяны доллар менен алгансың, доллар менен бересиң" деп жатат.
"Дордой" базарында эмгектенген жеке ишкер: "Учурда "Дордойдо" соода өтө аз. Мен банктан алган насыянын мөөнөтүн узартып берүү боюнча банктын жетекчилигине 5-6 жолу кайрылдым. Эч кандай жооп болгон жок. Эми "үч айдын ичинде 60 миң долларды төлөбөсөңүз, үйүңүздү алып коёбуз" дешүүдө",- деп билдирди.