17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү саат 23:30 чамасында болгон жер титирөөдөн Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл аймагында көптөгөн үйлөр жараксыз абалга келген. Жабыр тарткан үй-бүлөлөргө бир катар мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери 1 күндүк айлыгын которуп, эл дагы аларды колдоого алган. Аталган айылдын тургундары бул көрүнүштөр боюнча билдирүү жасап, калың элге ыраазычылык билдирди.
Кызыл-Суу айыл аймагындагы Чайчи айылынын жашоочуларынын катында төмөнкүлөр жазылган:
“Биз, Чайчи айылынын жашоочулары, 17-ноябрь түнү болгон жер титирөөдөн жабыр тартып, 200дөн ашуун үй-бүлө үйлөрүнөн ажырап, башыбызга мүшкүл иш түшүп турган чакта жардам берип, жабыркаган эл жалгыз эместигин билдирип, суукта калган бизди жылуу мээримиңиздер менен жылыттыңыздар. Бир туугандык, боорукердик жардамыңыздарды аяган жоксуздар. Кырсык болгон мүнөттөрдөн баштап биз менен бирге болдуңуздар.
Айрыкча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана медицина кызматкерлери кырсык болгон учурдан баштап жардам көрсөтүшүп, элдин амандыгын тактап, болгон аракеттерин жумшап, аз убакыттын ичинде болгон шарттарды түзүп беришти. Бир сутканын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы кырсык болгон жерге келип, жакындан таанышып, тез арада кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча талаптарды койду. Ал талаптар заматта аткарыла баштады.
Жабыркаган үй-бүлөлөргө чатырлар тигилип, көмүр түшүрүлүп, азык-оокаттар келе баштады. Республикабыздын бардык облустарынан жардамдар көрсөтүлүп, ар бир мекеме-ишкана үч-төрттөн үй-бүлөнү бөлүп алышып, жардамдарын аяшкан жок. Кээ бир мекеме-ишканалар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мектеп жашындагы балдарын өз камкордугуна алышып, турак жай бүткөнчө Ош шаарындагы мектептен сабак алуусуна шарт түзүп беришти. Жалгыз бой көп балалуу аялдарга үйдүн курулушуна жардам берүүнү колго алган жеке ишкерлер да жок эмес.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын тобу айылыбызга келип, тургундардын ден соолугун көзөмөлдөөдө. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери азыркыга чейин турак жайларды кыдырышып, өз милдеттерин аткарып жатышат. Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жана Кара-Суу райондук архитектурасынын кызматкерлери менен биргеликте элдин түйшүгүн азайтып, көчмө бригада түзүшүп, айылдын өзүндө жеңилдетилген шартта турак жайлардын документтерин жасашууда. Ал эми «Ош пирим» ишканасы элди акысыз көмүр менен камсыз кылууда. Ош шаары жана Ош облусунун жети районунун өкүлдөрү ар күнү элдин арасында.
Элдин башына түшкөн кайгыны тең бөлүшүп, жылуу мээрим менен жакындан жардам көрсөткөн мекендештерге, жалпы мекеме-ишканалардын жамаатына жана жетекчилигине, мамлекет башында турган жетекчилерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздер бизди колдоп жардам көрсөтсөңүздөр, Жараткан сиздердин ишиңиздерди оңдосун, журтубузду ар кандай кырсыктардан сактасын!”