Ошто жаңы ачылган китепканада 100 миңден ашуун китеп бар

Ош технологиялык университетинде 27-ноябрда китепкананын ачылышы болду. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, окуу жайдын окутуучулар жамааты, студенттер катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, китепканада 100 миңден ашуун китеп бар. Анын курулушуна 30 миллион сомдой каражат сарпталган. Анда электрондук китепкана, компьютердик зал, жаңы технологиялар борбору, илимий изилдөө лабораториясы бар. Ош технологиялык университетинде 11 миңден ашуун студент билим алса, 400дөй окутуучу билим берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aizada15
2015-11-27 13:22:09
Охооо сонун бутуптур
0
boss1991
2015-11-27 13:52:13
о менин окуу жайым. кыйындар чыккан окуу жай.
+1
Rifle_2
2015-11-29 01:56:43
Дагы 10-15 жылдан кийин электрондук китептерди колдонуп калабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан