Азия чөлкөмүндө клубдар аралык мелдештердин катарында деңгээли боюнча 2-орунда турган Азия Футбол конфедерациясынын Азия Кубогуна өлкө чемпиону "Алай" катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футболдук Лигасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Азиянын Футбол конфедерациясы мелдештин финалдык баскычына катышууга "Алай" клубун, тандоо туруна катышууга "Алга" клубун чакырган. "Алайлыктар" мелдешке катыша турганын билдиришсе, "Алга" клубу тандоо туруна катышпасын айткан. Буга клубдун каржы маселеси себеп болгон.
"Алай" клубу тандоо туру аркылуу мелдешке жолдомо алмакчы. Тандоо турундагы атаандаштар жана катышуучу командалар тайпага 11-декабрда орун алчу чүчү кулактын негизинде белгилүү болот.
Кошумчалай кетсек, аталган мелдешке "Алай" 2014-жылы катышып, өз тайпасынан чыга алган эмес. 2015-жылы бишкектик "Дордой" тандоо турунда түркмөнстандык "Ахал" клубуна утулуп калган.