Ошто 6 миллионунчу наристенин төрөлгөнүнө байланыштуу өнөрлүү эгиздердин фестивалы болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинде 26-ноябрда Ош шаарында төрөлгөн 6 миллионунчу наристенин урматына “Эгиздер фестивалы” болуп өттү. Окуу жайдан кабарлашкандай, саамалык эгиздердин башын бириктирүү, аларга көңүл буруу, стимул берүү, коомчулукка алардын таланттарын тартуулоо, студенттер арасында достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулган.

Окуу жайда 25 жуп эгиз билим алып жатканына карабай фестивалга алардын 9у гана катышты. Катышуучулар “Саламдашуу” жана “Таланттуу эгиздер” турларында чыгармачылыгын көрсөтүштү. "Бири комуздун коштоосунда төкмөлүк өнөрдү көрсөтсө, кийинкилери ырдап, дагы бири чимириле бийлеп, бири спортко, бири кулинарияга, бири чеберчиликке жөндөмдүү экендиктерин көрсөтүштү. Өзгөчө ата-энеге болгон жылуу сезимдерин айтып, энелер менен бирге жалпы көрүүчүлөрдүн көңүлүн толкутуп, көзүнө жаш алдырды",- деп белгилешет окуу жайдан.

Жыйынтыгында мыкты жөндөмдөрүн көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон бардык фестивалдын катышуучуларына уюштуруучулар тарабынан номинациялар, баалуу эстелик белектери, ар бир катышуучунун элеси түшүрүлгөн сувенир, профсоюз уюмунун атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан ар бир катышуучуга ар жылы жайында Сулайман-Тоо – Жалал-Абад – Манас-Ордо (Талас) – Ата-Бейит (Бишкек) – Рух-Ордо (Ысык-Көл) багыты боюнча тарыхый жайлар менен таанышуу, достошууну максат кылган "Ынтымак кербенине" жолдомо берилди. Ошондой эле катышуучулардын ар биринин сүйүктүү апалары сахнага чакырылып, ак жоолук салынып, жалпы катышуучулар эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bazarkyl
2015-11-27 16:20:28
Электрондук форматта кыргыз тилинде китептерди каяктан көчүрүп алса болот? Билгендер болсо кабарлап койсонуздар.
0
Ailo
2015-11-27 16:54:08
Окшош экен аябай бири-бирине..
0
asia_92
2015-11-27 17:25:29
Ооо окшошго баардыгы..
0
jypara1415
2015-11-28 17:58:22
Бекмурат кызы Элнура&Гулнура менин окуучуларым . Дээринен таланттуу жана сүрөтчү кыздар . Силер менен сыймыктанам , окууларыңарга ийгилик ! Жашасын жана көбөйсүн ЭГИЗДЕР ! ! !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан