Биз социалдык тармакта

Чүй облусунда мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн кыргыз жаранына айып пул салынды

Чүй облусунда чек ара санжабын бузган жана мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн кыргыз жаранына айып пул салынды. Муну бүгүн, 27-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 26-ноябрда Ысык-Ата районунун Бирлик айылында мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жаран кармалган. Анын жанында өздүгүн тастыктаган документтери жана мергенчилик кылууга уруксат кагазы болгон эмес. Административдик жоопкерчилик кодексине ылайык, ага 3 миң сом айып пул салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AiBoru
2015-11-27 18:31:23
Ушундайлар азыр аябай кобойду. Ким эле болсо охотага чыктык, тигинче коен аттык, мынча кекилик аттык, дагы бир топ жаныбарлар аттык деп мактанышат. Разрешениеси бары да жогу бар.
+1
isko-nookat
2015-11-27 18:40:16
бул ишти карды ток.акчасы бар бекерчилер кылат.алар учун 3000 сом акча эмес..
+2
josholu
2015-11-27 19:42:35
Ушу мылтык алганда канча менен документ кылат жана жылына канча толойт айтып койсонуздар сураныч
-1
Rifle_2
2015-11-29 01:51:14
josholu,свд алыш үчүн 380000 төлөп, 200000 тегерегинде акча уруксат алууга кетет. Мергенчилик стажың 5 жылдан көп болушу керек. Анан курал сактоого сейф аласың. Аңчылык сезонунда уруксат кагаздарын алып, анан ата бер тоо таштарды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан