Базар-Коргондо үйлөнүү тойдо көп ичип алган жигит келиндин курбусун "үйүңө жеткирип коём" деп алдап, аны талаадан зордуктаган

25-ноябрь күнү саат 23:10 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган райондогу ресторандардын биринде үйлөнүү тою болуп жаткан. "Үйлөнүп жаткан жигиттин айылдаш досу мас болуп алып, келиндин курбусун “үйүңө жеткирип коём” деп алдап, аны талаага алып барып, коркутуу жолу менен зордуктаган. Натыйжада кыз денесинен жаракат алып, Базар-Коргон аймактык ооруканасынын гинекология бөлүмүнө түшкөн",- дешти мекемеден.

"Жогорудагы окуя боюнча Базар-Коргон райондук милициясынын иликтөөчүлөрү кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары Базар-Коргон айылынын 1994-жылы туулган тургунун кармашты. Аталган факт боюнча "зордуктоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүүдө",- деп кошумчалашты облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
Ern
2015-11-27 23:04:07
Базар-Коргондун Кайсы айылында болду экен кызык? мен да Базар-Коргондон болот элем)))
0
crazy.monya
2015-11-27 23:39:18
Кудай сактасын деш Керек! Кыздуу болосунар Силер дагы Буйруса сын такканды койгула! Эмне болгонун козунор Менен корбогондон кийин куноону божомолдоп айта бербегиле!
+3
crazy.monya
2015-11-27 23:43:04
Ошол учун эже-карындаштарынар бир жака бараарда алып барып алып келгиле
+6
Bakush22
2015-11-28 00:57:36
ит эле болупсунар да кызын дагы эркегин дагы
+2
Boldukan86
2015-11-28 01:11:43
мас экен эмне ишенет мас адамдын оюнда жакшы нерсе боло беле. авария болсочу же.
+2
eldiyarmacho
2015-11-28 01:53:25
Menin jerdeshterim shoktuk kylyp koyupturgo
+1
Gulya21
2015-11-28 01:59:47
Аллахым баарыбызга ыйман ынсап берсин
+1
Nur0101713
2015-11-28 02:58:14
Атын очкур арак
+1
saulet2009
2015-11-28 06:45:52
Бул да бир подстава,акылэси ордунда болсо мас бир коргон бала менен кетет беле.Может кызда ошол жол менен турмушка чыгышы керек болгондур.Ээ аллахым ыйман,ынсап бер элиме.
+2
suyom_seni
2015-11-28 12:18:59
Бул жерге толук маалымат берилген эмес.Бироо эмес учоо болгон балдардан. Базар коргон раонунун озбек мааласинда жашаган озбек туугандар.Бала соттолуп атат азыркы убакта...
+3
Pantherka
2015-11-28 14:48:57
Опасно но го подругасы болгондон кийин ишенип барды да,башка ким жеткирмек эле.
+3
a.kubanychbekov
2015-11-29 10:33:26
Атын чыкпаса жер ортто деген ушуда,жердештерим уят кыласынарда ушинтип эл журтка.
0
aijamal001
2015-11-29 14:35:33
Кызда да барда. Мас экенин билип туруп макул болуптур. Азыр соо адам эмнелерди кылып жатат? Мас адамды айтпай эле койойун. Олгусу келген эчки койчунун таягына суйконот болуптур го!
0
Sema04
2015-11-29 15:41:55
Балага тан калам...Таалага да алпарабы,гостницага алпарбайбы (тамаша албетте)...Арактын кесепети дейт муну туугандар..Кыз да вино пиводон кылт этирсе керек да.
0
begai93
2015-11-30 05:30:45
Кудайым жазаасын берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан