Бүгүн Ош шаарынын №4-мектебинде бардык улуттагы окуучулардын катышуусунда кичи футбол боюнча мелдеш болду. Окуучулар арасында достукту, тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган мелдеште 3 баскычта оюндар өттү. Алгачкы эки турда иргелген командалар финалда өз ара ойноп, жыйынтыгында "Достук" командасы чемпион болду. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жеңүүчү аталган командага кубок, дипломдор, медалдар, ошондой эле мыкты ойногон окуучуларга грамоталар жана топтор, спорттук формалар тапшырылды.
“Ош шаарында жалпы билим берүүчү 54 мектеп бар. Баарыбызга белгилүү болгондой, мектептерде ар улуттун окуучулары окугандыгына байланыштуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин демилгеси менен окуучулар арасында футболдук мелдеш өтүп жатат. Биздин максат - спорт аркылуу окуучуларды кайсы улут экенине карабай достукка, ынтымакка жана спортту сүйүүгө үндөө”,- деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Кимсанов.