Жаза аткаруу кызматынын №2-түзөтүү колониясында Эл аралык СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата тематикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, колониядагы ар бир бөлүм концерттик номер даярдап чыкты. "Иш-чарага бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана колониянын жетекчилиги катышты. Мындай иш-чаралар №2-колонияда жыл сайын өткөрүлөт. Алардын максаты - аталган илдеттин алдын алуу. Адистер колонияда отургандарга бул оорудан кантип сактануу керектигин айтып беришет",- деп жазылат маалыматта.