Мурунку коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге кылмыш иши козголду

Кыргыз мамлекетинин Аскердик прокуратурасы мурунку коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду.

"Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "ишенип берилген мүлктү жок кылуу же ыйгарып алуу", "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмачылык" беренелери боюнча козголду",- деп билдирет Башкы прокуратуранын маалымат кызматы.

Коргоо министрлиги 2013-жылы курулуш иштерин жүргүзүү үчүн мамлекеттик компаниялардын бири менен келишим түзүп, 5 миллион сом бөлгөнү, бирок акча тийиштүү багытта колдонулбай, коммерциялык түзүмдөрдүн эсебине которулганы айтылды. Эки жылдан бери бул акча мыйзамсыз жүгүртүүдө жүргөн.

Экс-министрге кошо бир нече адам айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
briliant87
2015-11-28 17:01:11
Бири кетсе дагын эле ушуга окшогон биросу келетда.
0
KG-Oligarh
2015-11-28 19:11:35
Бул да бийлике жакпаган кадам жасап койгон окшойт
+2
chyngyz-KG
2015-11-28 20:26:49
Армияда Омуралиев Ген.штабдан текшерип келет дегенде учуп тыпырчылап калат элек.Бул дагы сынды
0
kuba1983
2015-11-28 20:47:06
korrupsiya menen ish jadsgandardy karmap katuu jazalasa!!!
0
altunai.79
2015-11-28 23:08:19
Кылмыш козголгону менен аягына чыккан эч ким жок.Бироосу да камалбайт,жеген акчасын куспайт.Бир куну ооруйт да чет олкого жылт койот же бир эки жыл тергоо болот,тергоо буткучо эркиндикте журот,анан сот актап койот белгилуу сценарий.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан