28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү бокс боюнча көптөн бери күтүлгөн беттеш орун алды. Украиналык мушкер Владимир Кличко WBA Super, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондук наамдарын коргоо үчүн рингге чыгып, британиялык мушкер Тайсон Фьюриге утулуп калды.
12 раунддук беттештин жүрүшүндө Кличко өзүнүн күчтүү жактарын көрсөтө алган жок. 11-раундда калыстар атаандашын желкеге чапканы үчүн Фьюринин упайын кемитти. Ошентсе да 12-раунддун жыйынтыгында калыстар жеңишти Т.Фьюриге ыйгарышты (3 калыстын берген эсептери: 115-112, 115-112, 116-111).
Бул 27 жаштагы Тайсон Фьюринин профессионалдык карьерасындагы 34-беттеши болду. Ал анын отузунда жеңүүчү аталып, 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан.
Ал эми Владимир Кличко бул жолу карьерасындагы 68-беттешин өткөрдү. Ал 64 беттеште жеңүүчү аталса, 4-ирет жеңилүү ызасын тартты.