Советтик жана орусиялык кинорежиссёр, сценарист, актёр, педагог, жазуучу, акын, драматург, продюсер Эльдар Рязанов 30-ноябрга караган түнү дүйнө салды. Ал дем алуу органдарындагы ооруга байланыштуу 21-ноябрда ооруканага жаткырылып, 29-ноябрда абалы кескин начарлап кеткени белгилүү болгон. Аны жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырышканы менен, режиссёр дүйнө салган.
Эльдар Рязанов 1927-жылы 18-ноябрда Самарада туулган. С.И.Герасимов атындагы Бүткүл орусиялык кинематография университетине тапшырып, 1950-жылы "Алар Москвада окушат" аттуу дипломдук иши менен университетти аяктап, көптөгөн документалдуу тасмаларды тарткан.