Бүгүн, 30-ноябрда Темир Сариев Ош шаарында Кыргыз Республикасынын 6 миллионунчу жараны Айлиндин үй-бүлөсүнө берилген турак үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов билдирди.
Анын айтымында, премьер-министр ымыркайдын ата-энесин куттуктап, аларга чың ден соолук каалады. 6 миллиончу жарандын төрөлүшү өлкө үчүн мааниси чоң экенин белгилеп, алардын үй-бүлөсүнө Ош шаарынан 4 бөлмөлүү батирдин ачкычын берди.
Айта кетсек, ымыркай Ош шаарында саат 18:12де аскер кызматкери Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндө 3 килограмм 870 грамм салмакта төрөлгөн. КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 6 миллионунчу кызга 1 000 000 (1 миллион) сомдук депозиттик эсеп ачууну жана анын үй-бүлөсүнүн курамын эске алып турак үй берүүнү тапшырган. Мындан сырткары 6 миллионунчу кыз менен бир убакта төрөлгөн 10 баланын ата-энесине 100 миң сомдон берүүнү буюрган.