Орусиянын футболдук клубдарынын түркиялык футболчуларды чакыруусуна тыюу салынды

Орусиянын футболдук клубдарына түркиялык футболчуларды чакырууга тыюу салынды. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Спорт министри Виталий Мутко билдиргенин орусиялык басылмалар маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 1-январдан тарта кышкы трансферлерге 1 ай убакыт берилет. Бул аралыкта футболдук клубдар башка өлкөдө ойногон футболчуларды курамдарына кошуп, күчтөнүшөт. Түркия менен Орусиянын саясий тирешүүсүнөн улам эми орусиялык клубдар түркиялык футболчуларды курамдарына кошо алышпайт.

Кошумчалай кетсек, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта Орусиянын Су-24 аскердик учагы аба мейкиндигин бузганы үчүн түркиялыктар тарабынан атылган. Бул окуядан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин Түркия тарапты айыптап, бул көрүнүштүн аягы оор кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн экенин айткан. Буга удаа ал орусиялык ишканаларга түрк жарандарын жумушка албоону буйруган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
shailoo2015
2015-11-30 10:42:49
Жакшы экен, баары бири-бири менен кырылса Кыргызстан 1-местаны алат.
-5
warsaw.
2015-11-30 10:43:36
карадеңиз көкдеңиз не болот экен эми...
түрктөр өзүнө өзү кылып алышты да дүйнөнү дүңгүрөткөн орусияга тең келем дедиби билбейм.
+7
nur0077
2015-11-30 10:57:32
Тукендер булчунун коргозом деп,буулуктуруп алды,артык кылам деп,тыртык кылып алды.Эрдоган текебер болбой,дуйно коомчулугунун алдында Путинден кечирим сураса,эч нерсе болбойт эле.Эми бунун кесепети ото жаман болот.Россиядан канча Турктор чыгарылат,Окендер Анталияга барбай коет.Жети олчоп бир кесиш керек.
+1
Sultanim
2015-11-30 11:27:12
Эрдогандын аягы келип атат сынары...
+1
amanatym
2015-11-30 11:41:59
Орусия катуу кетти.Жонокой элдерине кыйын болду го байкуштар
0
beka027
2015-11-30 12:50:55
Бул жерде болуп жаткан бардык нерселерге Америка күнөөлүү. Себеби түрктөрдү ошолор каржылап жатышат.
+1
Sandrana
2015-11-30 14:49:24
Барак Обама Путинди эптеп бир жак бутунан тартып турушу керекта экм мамилекетти бири.бирине каршы кылып койгонда дал ушул Барак болсо керек деймин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан