Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, экс-министр маркум Жумагүл Нусупованын сөөгү 1-декабрда жерге берилет

Жумагүл Нусупова 1932-жылы 17-майда ошол кездеги Фрунзе шаарында төрөлгөн. Орус тилдүү мектепти бүтүрүп, 1946-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык окуу жайына тапшырган. Ал окуу жайдан орус тили жана адабияты боюнча адис болуп чыккан. Жумагүл Нусупова эмгек ишмердүүлүгүн Фрунзе шаарындагы №11-мектепте пионер жетекчиси болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин ал:

-1951-1953-жылдары педагогикалык институтта окуган жана Биринчи Май райондук комсомолунун экинчи катчысы болуп шайланган;

- 1957-жылы Республикалык комсомол уюмунун Борбордук комитетинин катчысы:

-1961-1970-жылдары Биринчи Май райондук комитетинде катчы;

-1970-1980-жылдары Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин маданият бөлүмүнүн жетекчиси;

-1980-1985-жылдары Кыргызстандын маданият министри;

-1985-жылдан 1998-жылга чейин М.В.Фрунзе атындагы Мамлекеттик мемориалдык музейдин директору болуп иштеген.

Жумагүл Нусупова Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин 6 жана 10 чакырылышынын депутаты болуп кызмат өтөгөн.

Жумагүл Нусупова өлкөнүн маданият тармагында жасаган зор эмгеги үчүн 3 орден, 8 медаль, Кыргыз Республикасынын 4 Ардак грамотасы менен сыйланган жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамын алган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1-декабрь күнү саат 9:00дө Исанов көчөсү-94 дарегинде өтөт жана Байтик айылына жакын жердеги көрүстөнгө коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан