Спортчу Евгений Ваккер веложарыш боюнча Бириккен Араб Эмираттарындагы эл аралык мелдешке катышууда

Спортчу Евгений Ваккер веложарыш боюнча Бириккен Араб Эмираттарындагы эл аралык мелдешке катышууда. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, анда "Sharjah Tour" деп аталган мелдеш 28-ноябрда старт алган.

Спортчулар 4 баскычтан турган бул мелдеште 800 чакырымдан ашык аралыкты басып өтүшмөкчү. Анда 100дөн ашык чыгаан спортчу катышат жана "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алууга упай берилет.

Катышуучу командаларга токтолсок, 8 клуб менен катар Гонконг, БАЭ, Бахрейн, Өзбекстан, Алжир, Сауд Арабиясы, Египет жана Марокко сыяктуу улуттук курамалардын спортчулары жеңүүчүнү аныкташат. Е.Ваккер мелдешке "Kuweit Cycling Project" клубунун курамында катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Edik_86
2015-11-30 15:35:57
Ийгилик каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан