"Айчүрөк" кичи базарынын жаңы жылдан тартып жабылары сатуучулардын нааразылыгын жаратты

Бүгүн, 30-ноябрда "Айчүрөк" кичи базарынын жабыларына байланыштуу сатуучулар маалымат жыйын өткөрүштү. Белгилүү болгондой, базардын жетекчилиги ал жерге унаа токтоочу жай курууга белсенип, базарды 2016-жылдан тартып иштетүүнү токтоткону жатат.

Сатуучулардын бири Наталья Кирилевская: “Кичи базар 15 жылдан бери иштеп келе жатат. Биз бул маселе боюнча шаардык мэрияга кайрылдык. Ал жактан "жер жеке менчикте" деген жооп келди. Мамлекеттик каттоо кызматы жер мэриянын карамагында экенин билдирди. Базарда 300дөй адам иштеп келет. Жалпысынан 1500дөй адам оокат кылат. Бажы биримдигине кирерде чакан ишкердикке колдоо болот деген ишеним беришкен. Эми эч ким карабай жатат. Биз салык төлөйбүз. Соцфондго акча төлөйбүз. Эмне, мамлекетке акча керек болбой калдыбы?"- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulya21
2015-11-30 12:42:32
Наталья эже туура айтыптыр молодцы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан