Футболчу Карим Бензема командалашын интимдик видеолор үчүн шантаждаганы үчүн Европа чемпиондугуна катышпай калышы мүмкүн. Иликтөө улана берсе, машыктыруучулар штабы оюнчуну улуттук курамга чакырбайт. Бул тууралуу франциялык басылмалар жазып чыгышты.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Бенземанын достору Франциянын дагы бир футболчусу Матье Вальбуэнаны интимдик видеолорун таратабыз деп коркутуп, акча талап кылышкан. Жабырлануучу футболчу менен акча талап кылган топтун ортосуна Бензема да аралашып, ортомчу болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери дагы да уланууда.
Европа биринчилиги 2016-жылы 10-июндан 10-июлга чейинки аралыкта өтөт. Мелдешке төмөнкү 24 команда катышат:
Франция (үй ээси), Англия, Чехия, Исландия, Австрия, Португалия, Түндүк Ирландия, Швейцария, Испания, Италия, Бельгия, Уэльс, Албания, Румыния, Германия, Польша, Орусия, Словакия, Хорватия, Түркия, Швеция, Венгрия, Ирландия, Украина.