Мушкер Владимир Кличко: "Тайсон Фьюриге утуларымды сезгем, эми атаандашымды жооптук беттешке чакырам"

Украиналык мушкер Владимир Кличко британиялык Тайсон Фьюриге утулган соң журналисттер менен жолугушуп, беттеш тууралуу оюн айтты.

"Чынын айтканда, Тайсон Фьюри мени утат деп ойлогон эмесмин. Бирок анын мага каршы беттеште өзүн жакшы көрсөткөнүн, жакшы даярдыкта экенин моюнга алам. Менин башкы катачылыгым аралыкты туура сактай албаганымда болду. Беттеш маалында утуларымды сезгем. Мен бүгүн атаандашымды кантип утуу керектигин биле алган жокмун. Эми мен жооптук беттеш (матч-реванш) өткөрүү укугумдан пайдаланам",- дейт Кличко.

Кошумчалай кетсек, беттеш 28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү орун алган. Анда 12-раунддук беттештин жыйынтыгында калыстар жеңишти Т.Фьюриге ыйгарышты (3 калыстын берген эсептери: 115-112, 115-112, 116-111). Бул беттештен кийин WBA Super, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондук наамдар британиялык Тайсон Фьюринин карамагына өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Azim.00kg
2015-11-30 13:16:38
Баары бир женилесин.
0
Nokia
2015-11-30 13:27:16
Chala bolot saga dagyn utulasyn
0
bazarkyl
2015-11-30 13:31:53
Экөөнүн беттешин көрдүм, Т.Фьюри кылган жоруктары жаккан жок. Тройничный нерв кеткен окшойт, кызыктай кыймылдарды кылат экен.
0
eldar96
2015-11-30 13:41:37
Бекер нокаут боло электе беттешти токтоткун. Силерге ушу керек эле озу.

Тайсон азаматсын.
0
Mars55
2015-11-30 13:44:02
Эми Поветкин менен качан чыгат экен ошо кызык болот.
0
zamir-bek
2015-11-30 14:34:43
Теректей бой бергенче теменедей акыл берсин дегендин маанисин тушундун бекен.
0
Ersu
2015-11-30 15:41:01
Бул жерде отуруп акыл уйротуп аласынарда, емнеси болсода Кличко дуйнолук чемпионго
0
behappy74
2015-12-01 06:34:36
Акыры кунунор бутту окшойт. Накаут менен женилгеде мындан да мыкты болот эле.Чала сага Кличколор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан